19 сентябрь 2025
Кароолор: 9
Баткенге БУУнун Башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Каха Имнадзе келди

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев, БУУнун Башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Каха Имнадзе жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы координатору Антье Граве менен жолукту.
Алгач Бактыбек Токсонбаев, Каха Имнадзе мырзага жана ал баштаган делегацияга, Баткенге болгон сапары үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар жолугушууда Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү, аймакта туруктуу тынчтыкты камсыздоо аракеттери жана БУУнун Тынчтыкты орнотуу фондунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сүйлөштү.
Бул багытта диалогдук аянтчаларды түзүү, маданий алакаларды өнүктүрүү, жашыл экономика жана маалымат каражаттары багытында иш алып баруу зарылчылыгы, ошондой эле жаштардын жана аялдардын лидерлиги, алардын социалдык жана экономикалык долбоорлорго катышуусу туруктуу тынчтыкты чыңдоого өбөлгө түзөөрүн белгилешти.
Жетекчилер мындан ары да бардык тармактарда тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
КРнын Президентинин Баткен облусундаы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы