17 апрель 2025
Кароолор: 10
Баткенге бөлүнгөн 500млн:Лейлекте аткарылган иштер текшерилди

Баткенге бөлүнгөн 500млн:Лейлекте аткарылган иштер текшерилди
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укутуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев, облус башчысы Айбек Шаменовдун тапшырмасына ылайык, Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500млн сомдун эсебинен, Лейлекте курулган обьекттерден кабар алды.
Алар;
-Соода комплекси
Катраң айылындагы Соода борборунун курулушу аяктоо алдында. Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500млн сомдун эсебинен 7 млн сом каржыланган. Үч кабаттуу заманбап соода комплексин 31-август эгемендүүлүк күнүнө карата бүткөрүү аракеттери көрүлүүдө. Бул соода жайында 16 жумуш оруну түзүлөт.
-Таңги-Айбике сугат суу долбоору
Тогуз-Булак айыл аймагынын Айбийке айылындагы 5,5чакырым аралыкка сугат суу түтүгүн тартуу иштерине Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500млн сомдун эсебинен 30млн сом каржыланып, 1,5млн сом айыл өкмөтүнүн эсебинен каржыланып, Айбийке айылына суу жеткирилди.
-Раззаков шаарындагы мал базары
Мал базардын курулушуна Баткен облусун өнүктурүүгө багытталган 500млн сомдун эсебинен 15 млн сом ажыратылган. Лейлек районунун өнүктүрүү фондунан 6млн 700миң сом, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3млн 654миң сом жумшалып, замнбап шарттар түзүлгөн. Учурда базар үзгүлтүксүз иштеп жатат. Ачылган күндөн бугүнкү күнгө чейин муниципалдык базар 2млн сом таза киреше тапкан.
-Темир бетон, шагыл жана курулуш материалдар заводу
Ак-Суу айыл аймагынын жеңиш айылында жайгашкан муниципалдык ишкана үчүн Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500млн сомдун эсебинен 5млн сом, жергиликтүү бюджеттен 2млн 500миң сом каржыланган. 5 жумуш оруну түзүлгөн. Учурда ишкана үзгүлтүксүз иштеп жатат.2024-жылы жергиликтүү бюджетке 200мин сом киреше алып келген.
-Ак-Суу-Саркент каналы
Ак-Суу айыл аймагында ишке ашырылуучу Ак-Суу - Саркент дарыясынын жээгин таш дамба куруу үчүн республикалык бюджеттен 48 млн 560 миң сом каржыланып, жалпы 2360 метр аралыкта жумуш аткарылган. Ирригациялык долбоорду улантуу үчүн 2025-жылы дагы 78 млн 639 миң каржыланып иш уланууда.
Курулушту 2025-жылдын 30-сентябрында аяктоо пландалган.
-Айна-Таш-Таңги-Башы сугат суу долбоору
Сумбула айылындагы сугат суу долбоору үчүн Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500млн сомдун эсебинен 10млн 193миң сом каржыланган. Жергиликтүү бюджеттен 810миң сом акча каражаты бөлүнүп, тоодогу булак суусу 5,5км аралыкка сугат суу түтүктөрү аркылуу артылып келинген. Натыйжада 3 айыл суу менен камсыз болгон.
-“Жашыл бак” интенсивдүү кооперативи
Кулунду айыл аймагынын Майты участкасына 100 га аянт өздөштүрүлдү. Ал үчүн Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500млн сомдун эсебинен 25,8 млн сом каржыланган.
Муниципалдык бакка тамчылатып сугаруу системасы орнотулган.
Сугаруу үчүн 1000 м3 жана 4000 м3 бассейн курулган.
Бак көчөттөрү алгачкы түшүмүн бере баштаган.
Өкүлдүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев жергиликтүү жетекчилерге республикалык бюджеттин эсебинен курулган ишканалардын натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылууну тапшырды.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы