07 февраль 2025
Кароолор: 26
Баткендин бренд продукциялары республикада эң мыкты деп табылды

Бишкек шаарында JICA уюуму тарабынан негизделген, "Бир айылдан, бир продук" улуттук экономикалык долбоору тарабынан жыл сайын өтүүчү бренд комитетинин "Мыкты улуттук бренд" сынагы болуп өттү.
Ага Баткен облусунан 2024- жылдын жыйынтыгы менен бренд статусуна ээ болгон 13 продукциянын ичинен,төртөө республикалык сынакка катышты.
Алар,
-Малина токочу
-Малина ширеси
-Кургатылган кандек өрүк
-Жүзүм ширеси
Сынактын жыйынтыгы менен облустар арасында Баткен облусу 1- орунду ээледи. Ал эми өндүрүүчүлөр арасында Сапаргүл Жусупбекова 2-орунду ээлеп, күмүш медалга ээ болду.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы