07 апрель 2025
Кароолор: 9
Баткендик ойлоп табуучулардын мыкты эмгектери Кыргызпатенттин колдоосу менен рынокко чыкты

Баткендик ойлоп табуучулардын мыкты эмгектери Кыргызпатенттин колдоосу менен рынокко чыкты
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен КРнын Министрлер Кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар Мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) биргелешкен аракетинин натыйжасында, 40 райондон 40 демилге долбоорунун алкагында Баткен облусунда өзгөчөлөнгөн эмгектер каржыланды.
Долбоорлордун авторлору Кыргызпатент тарабынан 500миң сомдон 1 млн сомго чейинки суммада кайтарымсыз каражат( грант) алышкан. Алар;
1. “Акылдуу тамчылатып сугаруу долбоору” Кадамжай району
2. “Жаңы ыкма менен даярдалган Өрүк курут долбоору”, Баткен району
3. “Violet gold-лаванда талаасы” самындары, Кадамжай району
4. “Бал аарычылык чарбасын өнүктүрүү” долбоору Лейлек району
5. “Кызыл как” мөмө жемиш кактары, Кадамжай району
6. “Сынч Блок Эко 3D панель”, Кадамжай району
Өзгөчөлөнгөн пайдалуу эмгектерди ойлоп табууларга патент алуу боюнча дагы бир катар өтүнмөлөр берилген.
Мындан сырткары “Баткен өрүгү”, “Актурпак күрүчү” “Лейлек килемдери” боюнча чыгармачылык жана инновациялык ишмердүүлүктү колдоо боюнча иштер жүрүүдө.
Бул багытта бүгүн Кыргызпатенттин өкүлдөрү Баткенге “Билим кербени” менен келишти. Бардык кызыктар тараптар үчүн окутуу өткөрүштү.
Бул күнү колдоого алынган долбоорлордун ээлери, эмгектерин коргөзмогө коюшту.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, аймактардын инновациялык потенциалын, ойлоп табуучуларды, чыгармачыл адамдар жана ишкерлерди колдоого багытталган долбоорлор жана окутуулар үчүн, Кыргызпатенттин жетекчилигине, Дамира Түлөбердиева баштаган жумушчу топко, облус башчысы Айбек Шаменовдун атынан ыраазычылык билдирди.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы