14 июль 2023

Кароолор: 48

Баткенден ажыга баргандардын тобу кайтып келди

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин тапшырмасына ылайык, 13-июль түнү ажылык сапарга баргандарды тосуп алуу иш чаралары уюштурулду. Жер жерлерде район акимдери, шаар мэрлери баш болгон жергиликтүү жетекчилер ажылык сапардан келе жаткан жарандарды тосуп алып, кыргыз элинин аманчылыгы, жергебиздин тынчтыгы, өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн бата кылынды. Ажылар жергилитүү биййликтин мындай колдоосуна ыраазычылыктарын билдиришти. 

 

Белгилей кетсек, алыскы ажылык сапардан келе жаткан жарандар, аба ырайынын ысыктыгынан, узак жолдон жана башка себептерден улам, ден соолугуна байланыштуу жардамга муктаж болуп калган учурда ыкчам жардам көрсөтүү максатында облус башчысы Абдикарим Алимбаевдин тапшырмасы менен “Жардам көрсөтүү” жайлары уюштурулган. 

Алар түнү менен иштеп, ажыларга кызмат көрсөттү. 

 

Бул пункттар бүгүн 14-июль күндөрү да иштейт. Анткени ажылардын акыркы тобу мекенине бүгүн эрте менен келди. 

 

Эске салсак, 18-июнда Баткен облусунан 700 жаран, 17 ажы башчы ажылык сапарга жөнөп кеткен. Аларды Кызыл-Кыя шаарынан облус башчысы Абдикарим Алимбаев баштаган жергиликтүү жетекчилер узаткан. 

 

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы