23 июль 2023

Кароолор: 36

Баткенден 293 бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетти

Бүгүн 23-июлда Баткен облусунан  Ысык-Көлгө эс алууга жөнөгөн балдарды КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков баштаган жергиликтүү жетекчилер Баткен шаарынан узатышты. 

Балдардын эс алуусу акыркы чек ара окуяларында каза болгон жарандардын балдарын, багуучусунан ажыраган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын жана окуунун мыктыларын ар тараптуу колдоо максатында мамлекет тарабынан уюштурулду.  

Аларды   17 коштоочу мугалим, 2 милиция кызматкери, 1 медицина кызматкери, 17 айдоочу коштоп кетти. 

Балдар 10 күн бою Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын-балалык”  ден соолукту чыңдоо борборунда эс алышат. 

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы