07 июнь 2025

Кароолор: 9

Баткендеги мечиттерде Курман айт намазы окулду

Баткендеги мечиттерде Курман айт намазы окулду

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Бактыяр Токсонбаев жана жергиликтүү жетекчилер борбордук мечитте окулган Курман айт намазына катышты.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Баткен облусунун тургундарын КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун жана өзүнүн атынан Курман айт майрамы менен куттуктады.

Айт намазда элибиздин аманчылыгы,жергебиздин тынчтыгы,өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн бата кылынды.

Бул күнү облустун бардык аймактарындагы мечиттерде миңдеген тургундар Курман айт намазын окушту.

Мындан сырткары өкүлдүн биринчи орун басары Бактыяр Токсонбаев Баткен районунда уюштурулган Курмандык чалуу иш чарасына катышты. Анда жалпы 30 дан ашуун бодо мал союлуп, аз камсыз болгон муктаж үй-бүлөлөргө таркатылып берилет.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы