26 октябрь 2023
Кароолор: 56
Баткендеги ишкердикти колдоо кеңеши: алгачкы натыйжалар талкууланып, алдыга пландар коюлду

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Кеңешинин экинчи отуруму өттү.
Ага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров, КР Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов, КР Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев, КР Айыл чарба министринин орун басары Маил Алияскаров, Мамлекеттик салык кызматынын жана этил спиртин, алкоголдук продукцияны чыгарууну жана соодасын контролдоо агенттигинин өкүлдөрү, кытай инвесторлору, район-шаарлардын бийлик өкүлдөрү, бизнес коомчулугу катышты.
Жыйында Баткен облусунун ишкердик чөйрөсү тарабынан күн тартибине коюлган маселелер каралды. Алар,
1.Ишкерлерди тейлөө борборун ачуу
2. Инвестиция салууда эквиваленттүү сумманы 500 (беш жүз) миң долларга чейин төмөндөтүү
3.Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагында ЭЭА уюштуруу.
4.Шарап өндүрүү үчүн жүзүм зарларды өстүрүүнү каржылоо, жер тилкелерин ажыратып берүү, салык маселени кароо.
КЕҢЕШ-Баткен облусунун ишкерлеринин мамлекеттик органдарга байланыштуу ишкердикти алып баруудагы жаралган маселелерин чечүүнү илгерилетүү багытында иш алып барууда. Белгилей кетсек Кеңештин биринчи отурумунда ишкерлерге тоскоолдуктарды жараткан 6 маселе көтөрүлгөн, бүгүнкү күнгө карата бул маселелер оңунан чечилген.
Алар,
1.Баткен облусунда кыймылсыз мүлктү ижарага берүүгө патенттик тарифтерин өзгөртүү боюнча - Мамлекеттик салык кызматы тарифтерди 1 чарчы метр (м²) үчүн 50 сомдон 20 сомго чейин төмөндөттү.
2. Камсыздандыруу полиси үчүн төлөмдү жөнөкөйлөтүү маселеси-КР Мамлекеттик салык кызматына патент менен чогуу төлөсө болоору белгиленди.
3. Ишканалардын Социалдык фонд үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тарифтерди колдонуу мүмкүнчүлүгү боюнча- Социалдык фонд эгерде ишканадагы мамлекеттин үлүшү 51%дан ашпаса, анда уюмда жеңилдетилген шарттарды колдонуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги маалымдалды.
4. Салык Кодексине киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу маалыматты эл арасында жайылтуу боюнча-маалыматтык колдоону каалагандар, иш убактысында 116 бирдиктүү номерине чалып алууга болоору айтылды.
5. Чек ара кызматынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, туризм тармагындагы маселелер калыбына келтирилип, туристтик фирмалардын ишмердүүлүгү жөнгө салынды.
6.Ошондой эле, жер маселеси боюнча айылдык кеңештерге тапшырмалар коюлуп, келишимдер түзүлдү.
Кеңештин максаты,
•жергиликтүү бизнес-коомчулуктун калыптанышына жана туруктуу өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү;
•тышкы инвестицияларды тартуу жана аларды колдоо;
•региондогу бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртууга көмөктөшүүчү башка иш-чараларды ишке ашыруу.
Облусбук бийлик аталган Кеңештин ишмердүүлүгүн БУУ Өнүктүрүү Программасы менен биргеликте ишке ашырат.