22 май 2025

Кароолор: 16

Баткенде зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү иштери жүрүүдө

Зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү иш чараларын жүргүзүү жөнүндө КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун тиешелүү буйругу жана тапшырмасына ылайык, 2025-жылдын 20-майына карата, Баткен облусу боюнча жалпы 16050 га аянтта изилдөө иштери жүргүзүлүп, 12750га аянттан зыяндуу чегирткелер аныкталды, анын ичинен 5000 га аянтта химиялык иш-чаралар аткарылды.

Баткен химиялаштыруу, коргоо жана өсүмдүктөрдүн карантини боюнча башкармалыгы, жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте, зыянкечтерге каршы дарылоо иштерин активдүү жүргүзүүдө.

Бул чаралар чегирткелердин аймактын айыл чарбасына, экономикасына жана социалдык жашоосуна, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч келтирүүсүн алдын алуу болуп саналат.

Химиялык иш чараларга 3 техника тартылган.

КРнын Президентинин Баткен облусундагыы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы