23 январь 2026

Кароолор: 8

Баткенде жыл ичинде 1,5млн тоннага жакын көмүр өндүрүлдү

2025-жылдын жыйынтыгы менен облус боюнча көмүр казуунун көлөмү 1 млн 401 миң тонна көмүр казып алынды. Алар;

Кадамжай районунун Майдан айыл аймагындагы 3 кенде, карьер ыкмасы менен – 960 миң тонна көмүр казылып, жалпы көлөмдүн 68,5% түздү.

Сүлүктү шаарынын 46 көмүр шахталары 430,8 миң тонна көмүр өндүрүп, жалпы көлөмдүн 30,7% түздү.

Баткен районунда – 46,6 миң тонна, Лейлек районунда -3,2 миң тонна көмүр өндүрүлдү.

Ички рынокто Сүлүктү көмүрүнө суроо-талап жогору.

Ал эми Кадамжай районунун Бел-Алма көмүр кенинен казып алынган көмүр логистикалык өзгөчөлүктөргө байланыштуу негизинен Ош жана Жалал-Абад облустарына жеткирилүүдө.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы