23 сентябрь 2025

Кароолор: 7

Баткенде жол кырсыктарынын себептери аныкталып, анын алдын алуу боюнча тапшырмалар коюлду

Бүгүн Кадамжай шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун буйругунун негизинде түзүлгөн, Баткен облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча жумушчу комиссиясынын көчмө жыйыны өттү.

Көчмө жыйын өкүлдүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаевдин төрагалыгында өтүп, ага район шаар башчылары, жергиликтүү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүнүн жана башка бардык тийиштүү мекемелердин жетекчилери катышты.

Жыйында буга чейин коюлган тапшырмалардын аткарылышы боюнча, 2025-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы тууралуу жолдогу укук бузуулар боюнча маалыматтар берилди.

Андан соң маалыматтар талдалып, төртүнчү кварталга бир катар тапшырмалар коюлуп, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Белгилей кетсек, жыйында акыркы учурдагы жол кырсыктарынын негизги себептери белгиленди. Алар электр тогу менен кубатталуучу жеңил транспорт каражаттарынын иретсиз колдонулуусу, айдоочулардын каршы тилкеге чыгуусу жана жогорку ылдамдыкта жүрүүсү болууда.

Жыйында Бактыбек Токсонбаев ушул үч багытта элге дыкат түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, билим берүү мекемелеринни алдына камераларды орнотуу менен жол чийиндерин жаңылоо, күн нурунан кубат алуучу жол чырактарды орнотуу тапшырмаларын койду.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы