20 май 2026
Кароолор: 3
Баткенде жол кырсыгы азаюуда
Баткенде жол кырсыгы азаюуда
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаевдин жетекчилиги алдында Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиясынын жыйыны өткөрүлдү.
Жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдардын, күч түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, облус аймагындагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарын алдын алуу жана калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү маселелери талкууланды.
Бактыбек Токсонбаев өз сөзүндө жарандардын коопсуз жашоосун камсыз кылууда жол кыймылын натыйжалуу уюштуруу өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Ал жол-транспорт кырсыктары коомго жана жарандарга олуттуу материалдык жана моралдык зыян алып келип жатканын белгиледи.
Жол-транспорт кырсыктарынын себеби катары, автотранспорт каражаттарынын санынын көбөйүшү, жол кыймылынын эрежелеринин одоно бузулушу жана айдоочулардын жол эрежелерин жетиштүү деңгээлде билбегендиги айтылып келет.Буга байланыштуу мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча алдын алуу чараларын күчөтүү зарылдыгы белгиленди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын алгачкы төрт айында Баткен облусунун аймагында 43 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 11 жаран каза болгон. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 кырсыкка азайганы белгиленди.
Мындан тышкары жыйында “Акыркы коңгуроо” салтанатына байланыштуу коомдук коопсуздукту камсыздоо маселеси дагы каралды. Тиешелүү мамлекеттик кызматтарга күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу, окуучулардын катышуусундагы унаа кортеждерине жол бербөө жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы