09 октябрь 2025
Кароолор: 25
Баткенде жетекчилерге аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүү тапшырылды
Баткенде жетекчилерге аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүү тапшырылды
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, аткезчиликке каршы жүргүзүлгөн иш аракеттер боюнча кеңешме өткөрдү.
Облус башчысы аткезчиликке каршы күрөштө тийиштүү жетекчилер өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле жасап жатканын сынга алды.
Ошондой эле аткезчиликке тийиштиги бар жетекчилер же катардагы кызматкерлер аныкталса, аёосуз чара көрүлөөрүн эскертти.
Ыйгарым укуктуу өкүл кеңешмеде аткезчиликке каршы күрөшүү иштерин күчөтүлгөн тартипте алып баруу, аткезчилик орун алышы мүмкүн болгон чек аралаш аймактарда көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.
Белгилей кетсек, буга чейин Баткен облусунда аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча мобилдик топтор түзүлүп, белгиленген жайларда көзөмөлдөп өткөрүүчү атайын жайлар түзүлгөн.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.