14 май 2025
Кароолор: 14
Баткенде желим идиштер чыгарыла баштады

Баткен районунун Ак-Татыр айылынын өнөр жай аймагында жаңыдан курулган желим идиштерди кайра иштетүүчү жана желим идиш чыгаруучу заводу тесттик режимде алгачкы продукциясын чыгарды.
Ишкананын курулушу менен желим идиштерге болгон суроо талап күчөгөн. Учурда Баткен облусунан эле эмес, Ош, Жалал-Абад, Казакстандан да буюртмалар болууда. Алдыда желимден эле эмес, кагаздан да идиштерди чыгаруу пландалган. Желим жана кагаз идиштери тамак аш азыктары үчүн жогорку сапаттагы таза сырьелордон жасалат.
Заводдун курулушуна жеке ишкер Жоомарт Ашырбай уулу азырынча 800миң АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция салган. Ишкана толук ишке кирсе, 100 адам жумуш менен камсыз болот.
Курулуш үчүн айыл өкмөтү 5 гектар жер аянтын бөлүп берип, электр энергиясын жеткирип берген.
Ишкана өлкөнүн эгемендүүлүк майрамын утурлап, ачылуусу күтүлүүдө.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы