10 декабрь 2025

Кароолор: 5

Баткенде жапон технологиясы менен дагы 10 продукт чыгат

“Бир айыл -бир продукт” долбоорунун алкагында дагы 10 продукт чыгат

Бул улуттук экономикалык долбоордун алкагында, бренд-комитеттин кароо сынагы өттү.

Сынакка Баткен облусунан 10 продукт сунушталды. Алар;

-Кызылча нектары

-Өрүк гүлү чайы

-Кургатылган өрүк данеги менен

-Малина концентраты

-Алма нектары

-Жаңгак жана кургатылган жемиштер

-Ит мурун упасы

-Өрүк данектеринен скраб

-Өрүк мармелад

-Өрүк бал менен

Натыйжада сунушталган продуктулар баары комитеттин тандоосунан өттү.

“Бир айыл - бир продукт" улуттук экономикалык долбоору Баткен облусунда 2018-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Бул убакытта 45 продукт иштелип чыгып, алардын арасынан 29 продукт бренд деген статуска ээ болуп, сертификаттар тапшырылган.

Бренд статусундагы продуктулар бүгүнкү күндө республиканын аймагында сатыкка чыгарылууда.

Андан сырткары бул продуктулардын айрымдары “Нукура” конфети жана “Алыш-Дан” айыл чарба кооперативинин кургатылган өрүгү чет өлкөлөргө (РФ) экспорттолуп жатат.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 6-февралында Бишкек шаарында өткөрүлгөн "Мыкты улуттук бренд" сынагында Баткен облусу 2024-жылдын жыйынтыгын менен жеңүүчү деп табылган.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы