11 июнь 2025
Кароолор: 9
Баткенде жаңы шаарга түзүлгөн башкы пландын концепциясын кабыл алуу боюнча жыйын өттү

Баткенде жаңы шаарга түзүлгөн башкы пландын концепциясын кабыл алуу боюнча жыйын өттү
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жана КРнын Курулуш архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин алдындагы шаар куруу жана архитектура департаментинин директорунун орун басары Самат Иштыбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, архитекторлор, жана башка тиешелүү тармактын жетекчилери катышты.
Анда Баткен облусундагы жаңы шаарды пландоонун негизги принциптери жана концепциясы талкууланды.
Шаарды өнүктүрүүнүн стратегиясы: Жаңы шаарды пландоодо экологиялык, социалдык жана экономикалык аспекттерди эске алуу зарылдыгы белгиленди.
Инфраструктура: Жаңы шаарда жолдор, суу, электр энергиясы жана башка инфраструктуралык объектилердин курулушу боюнча сунуштар берилди.
Коомдук жайлар: Мектептер, ооруканалар, парктар жана башка коомдук жайларды пландоодо жарандардын муктаждыктарын эске алуу маанилүү экендиги айтылды.
Туруктуу өнүгүү: Шаарды пландоодо туруктуу өнүгүү принциптерин колдонуу, жашыл технологияларды киргизүү жана экологиялык таза аймактарды түзүү боюнча сунуштар берилди.
Жыйынтыгында концепцияны жакшыртуу жана аны ишке ашыруу үчүн конкреттүү кадамдарды аныктоо боюнча сунуштар даярдалды. Аны менен катышуучулар жаңы шаарды пландоодо коомдук пикирди эске алуу маанилүү экендигин белгилешти.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы