20 март 2025
Кароолор: 6
Баткенде заманбап медициналык клиника ачылды

Баткенде заманбап медициналык клиника ачылды
Бүгүн 20-мартта, Баткен шаарына жаңыдан курулган, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу-дарылоо жана илимий комплекси, Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ачылып, пайдаланууга берилди.
Мекеме жогорку квалификациялуу адистерди бириктирип, бул оорулардын диагностикасына жана дарылоосуна комплекстүү мамиле кылууга мүмкүндүк берет. Жогорку деңгээлдеги медициналык жардам менен ар бир бейтапка жекече мамиле камсыз кылынып, алар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Клиниканын багыттары:
1. Соматика: Терапиялык адистердин тобу өнөкөт жана курч инфекциялык эмес оорулардын терең диагностикасын жана дарылоосун жүргүзөт. Бул багытта кардиолог, эндокринолог, гастроэнтеролог, аллерголог жана башка тар чөйрөдөгү адистер иштешет.
2. Хирургия: План боюнча жана шашылыш операцияларды камтыган кеңири хирургиялык кызматтар көрсөтүлөт.
3. Диагностика: Бардык зарыл диагностикалык процедураларды өткөрүү үчүн заманбап жабдуулар менен лабораториялык изилдөөлөр, ультрадобуштук, рентген жана аспаптык-диагностикалык ыкмалары колдонулат.
4. Дарылоочу дене тарбия-программалары бейтаптарды оорулардан жана операциялардан кийин ден соолукту калыбына келтирүүгө багытталган.
Буга чейин Баткен шаарынын тургундары медициналык жардам алуу үчүн жүздөгөн чакырым жол басып, борбор калаага барууга аргасыз болсо, ал эми азыр бардык зарыл процедуралар жеринде жүргүзүлөт.
Клиникада 76 орундуу стационар, 96 орундуу жатакана жана 160 кишиге ылайыкташтырылган заманбап конференц-зал бар.
Медициналык борбор төмөнкүдөй жабдуулар менен камсыздалган:
1. Ультрадобуштук изилдөө аппараты:
2. Компьютердик томография:
3. Рентген аппараты:
4. Лабораториялык жабдуулар:
5. Эндоскоптор:
6. Кардиомониторлор:
7. Операция үчүн анестезия аппараты:
8. Телемедицина системалары: Бейтаптарга алыстан кеңеш берүү жана ден соолугунун абалына мониторинг жүргүзүү үчүн колдонулат.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы