04 август 2023

Кароолор: 52

Баткенде уникалдуу “Дугаба” альпинисттик- туристик базасынын ачылышы болду

Бүгүн 4-августтан тарта  Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан  “Дугаба” альпинисттик- туристик базасы расмий ачылып, ишмердүүлүгүн жүргүзө баштады.  

Салтанаттуу аземге КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, КР Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков,Өзбекстандын Фергана облусунун башчысынын орун басары Хуршед Ахмедов жетектеген делегация катышты.

“Дугаба” альпинисттик-туристтик базасы КРнын Токой экосистемаларынын интеграциялап башкаруу долбоорунун алкагында, Бүткүл Дүйнөлүк Банктын жана Глобалдык Экологиялык Фонддун каржылоосу менен дээрлик 34млн сомго толук жаңыланып, туристер үчүн эс алууга ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Дугабада учурда эс алуучулар үчүн бардык заманбап шарттары менен  84 орун бар.

Эс алуу базасынын жалпы аянты 40,0 га.

Ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев өз сөзүндө, Баткендин  эң уникалдуу, өзгөчө кооз “Дугаба” альпинисттик-туристтик базасынын ачылышы, быйылкы жайкы туристтик мезгилдин жүрүшүндө эң жакшы саамалык деп белгилеп, көп жылдан бери көңүл бурулбай калган уникалдуу туристтик базаны капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө көмөктөшкөн эл аралык өнөктөштөргө ыраазычылыгын билдирип, бул иш аракет Баткен облусунун туристтик  инфратүзүмүн  жакшыртууга зор өбөлгө болот деп белгиледи.

Белгилей кетсек, “Дугаба” эс алуу комплекси 1997- жылы  негизделген.

Ал Кадамжай шаарынан 31 км алыс  аралыкта жайгашкан.

Дугаба туристик базасына коңшу Өзбек Республикасынын Шахимардан анклавы аркылуу өтөт.

“Дугаба” капчыгайы –  альпинизмди өнүктүрүүгө ыңгайлуу чокулары,  уникалдуу пейзажы жана туристтер үчүн жагымдуу шарттары менен өзгөчөлөнөт.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы