20 ноябрь 2025

Кароолор: 8

Баткенде Уңгужол Жарлыгынын алкагында, улуттук баалуулуктар жана тил маселелери талкууланды

Баткенде Уңгужол Жарлыгынын алкагында, улуттук баалуулуктар жана тил маселелери талкууланды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Улуттук дем жана дүйнөлүк бийиктик уңгужолу жөнүндөгү Жарлыгынын алкагында жыйын өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев,Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Уңгужол программасынын насааткери, журналист, акын Шахзада Авсаматовалар катышып, идеологиялык багыттар жана улуттук баалуулуктар боюнча кеңири баяндама жасады.

Жолугушууда Уңгужол аркылуу кыргыз элинин руханий мурастарын даңазалоо, улуттук биримдикти бекемдөө жана коомдук аң-сезимди өнүктүрүү боюнча сунуш-пикирлер айтылды.

Ошондой эле жыйында бир катар маанилүү маселелер каралды, алардын ичинде:

• Мамлекеттик тилдин коомдогу орду жана аны өнүктүрүү багыттары;

• Экологиялык маданиятты жогорулатуу жана аймактагы экологиялык абал;

• Улуттук тарбия, таалим-тарбиянын мазмунун жаңылоо;

• Мамлекеттик кызматкерлердин адилеттүүлүгү, жоопкерчилиги жана нарктуулугу.

Жыйындын жүрүшүндө облустагы район-шаарлардын өкүлдөрү өз аймактарында аткарылып жаткан иштер жана көйгөйлөр тууралуу маалымат беришип, Уңгужолдо каралган багыттарды жер-жерлерде сапаттуу ишке ашыруу боюнча пикирлерин билдиришти.

Республикада старт алган Уңгужол кербени, Баткен облусунун бардык район шаарларында болуп, кеңири масштабдагы талкуулар жана жолугушуулар өткөрүлмөкчү.