09 май 2025

Кароолор: 13

Баткенде Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленүүдө

Баткенде Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленүүдө

Улуу Ата Мекендик согуштун аяктаганынын 80 жылдыгы, Жеңиш майрамына арналган салтанат, салтка айланган Баткен шаарындагы Өчпөс отко гүл чамбарларды коюу менен башталды.

Жергиликтүү жетекчилер, ооруктун ардагерлери менен биргеликте, Улуу Ата Мекендик Согушта курман болгондор эскерилип,Куран окулду.

Андан соң "Өлбөс полк"жүрүшү шаар көчөлөрүн аралап, борбордук стадионго багыт алды.

Жеңиш майрамынын расмий бөлүгү борбордук стадиондо уланып, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун куттуктоосун,орун басары Жаныбек Исаков жеткирип, жалпы элди куттуктады.

Борбордук стадиондо элге аскердик көрүнүштөр тартууланды.

Майрамдык иш чара облустук Апаз Жайнаков атындагы драма театрынын артисттери тарабынан даярдалган театрлаштырылган көрүнүш жана жергиликтүү таланттардын концерттик программасы менен коштолду.

Учурда улуттук күрөш жана спорттун бириканча түрү боюнча мелдештер да өтүүдө.

Согушка Баткен облусунан 21500 жоокер барып, 14000 жоокер согуштан кайтпай калган.7500 жоокер кайтып келип,согуштан кийинки калыбына келтирүү иштерине активдүү катышышкан.

Жеңиш майрамын Баткен эли 67 ооруктун ардагери менен тосууда.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы