10 май 2024

Кароолор: 38

Баткенде Улуу Жеңиш майрамы 93 ооруктун ардагери менен белгиленүүдө

9-май Улуу Жеңиш майрамына арналган иш чара Өчпөс отко гүл чамбарларды коюу аземи менен башталды.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган жергиликтүү жетекчилер, ооруктун ардагерлери менен бирге Улуу Ата Мекендик Согуштун курмандыктарын эскерип,Куран окушту.

Майрамдын расмий бөлүгү борбордук стадиондо башталып, облус башчысы жалпы элди Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады.

Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө "биздин жаркын келечек үчүн, согуш талаасында ок кечкен аталар элибиздин чыныгы баатырлары. Ал эми тылда иштеп, кара жумуштун ысыгына күйүп, суугуна тоңгон ардагерлер, эмгектин чыныгы каармандары деп белгилеп, ардагерлерге баатырдык, эркттүүлүк, кайраттуулук үчүн ыраазычылык билдирди.

Майрам жергиликтүү таланттардын концерттик программасы менен уланды.

Белгилей кетсек УАМ согушка Баткен облусунан 21500 жоокер барып, 14000 жоокер согуштан кайтпай калган.7500 жоокер кайтып келип,согуштан кийинки калыбына келтирүү иштерине активдүү катышышкан.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы