11 июнь 2025
Кароолор: 14
БАТКЕНДЕ ТЕЗ ЖАРДАМ КЫЗМАТЫ САНАРИПТЕШТИРИЛДИ

БАТКЕНДЕ ТЕЗ ЖАРДАМ КЫЗМАТЫ САНАРИПТЕШТИРИЛДИ
"GIZ" эл аралык уюмунун техникалык колдоосу менен Баткен шаардык медициналык тез жардам бөлүмүнүн ишин башкаруунун жаңы автоматташтырылган тутумун киргизүү боюнча иш толугу менен аяктады.
Бул система диспетчерлердин тез жардам бригадалары менен ишин координациялоону жакшыртат, ар бир бригаданын ишине жана чакыруу убагында жиберүүдө алардын турган жерине мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, шашылыш медициналык жардам көрсөтүүнүн ылдамдыгын жана сапатын жогорулатат, персоналдын маалыматтык жана уюштуруучулук ишине көзөмөл жакшырат.
Сатып алуудан жана байланыш каражаттарын орнотуудан тышкары ар бир медицина кызматкери үчүн зарыл болгон окутуучу тренингдер өткөрүлдү.
Азыркы учурда бул автоматташтырылган башкаруу системасына Кара-Бак, Бужум жана Таян айылдарынын медициналык тез жардам бөлүмүнүн подстанциялары толугу менен кошулган.
2025-жылдын аягына чейин "GIZ" тарабынан медициналык кызматкерлерди окутуу, консультативдик жардам көрсөтүү жана бул системанын иш процессин жөнгө салуу боюнча колдоо көрсөтүү улантылат.
Белгилей кетсек Баткен облусундагы тез жардам кызматы өлкө аймагында үчүнчү болуп санариптештирилди
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы