05 август 2025

Кароолор: 8

Баткенде суу коопсуздук эрежелери эскертилүүдө

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун тапшырмасына ылайык, жер жерлерде жарандарга суу коопсуздук эрежелери эскертилүүдө.

Сууга түшүүгө мүмкүн болбогон кооптуу жерлерде жарандардын сууга түшүүсү, айрым учурда өкүнүчтүү окуялар менен коштолуп, адам өлүмүнө алып келүүдө. Кырсыкты алдын алып, адам өлүмдөрүнө жол бербөө максатында, облус башчысынын жарандарга суу коопсуздуктары жөнүндө түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга протоколдук тапшырмасы берилген.

Бул багытта жергиликтүү бийлик органдары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгы, Баткен облустук Ички иштер башкармалыгы менен биргеликте иш алып барууда. Адистер бүгүн Баткен шаарындагы Төрт-Гүл суу сактагычынын жана сугат каналдарынын айланасында жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Облустук ички иштер башкармалыгына 2025-жылдын 1-августуна карата, жыл башынан бери облус аймагында 16 сууга чөгүү учуру катталган.

Кырсыктын негизги себеби, жарандардын сууга түшүүгө тыюу салынган суу сактагычтарга, каналдар, көлмөлөр, дарыяларга түшүүсү, мас абалында сууга түшүүсү жана ата энелердин балдарын кароосуз калтыруусу, жарандардын кайдыгер мамилеси болууда.

Адистер сууга түшүүдө жарандарды атайын куткаруучусу бар бассейндерге барууну жана жаш балдарды ата энесинин көзөмөлү менен бассейнге түшүүсүн сунуштайт.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы