28 июль 2023

Кароолор: 68

Баткенде Сүлүктү көмүрүнүн туруктуу баасы бекитилди

27-июль күнү  Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров жана  Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын  төрагасы Кеңешбай Тайлаков Сүлүктү шаарындагы көмүр кендеринин жетекчилери  менен жолугушту.


Жетекчилер көмүр кендеринин ишмердүүлүгүнөн кабар алуу максатында жерине да барышты.
Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында  Сүлүктүнүн «БР» маркасындагы көмүрүнүн бир тоннасы  6000  сомдон,”БК” маркасындагы көмүрдү  8000 сомдон сатуу макулдашылды.


Аны менен катар көмүр кендеринин жетекчилерине бааны туруктуу кармоо жагы эскертилди. 
Белгилей кетсек, облустук бийлик 2023-жылдын июнь айында  Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына Баткен облусунда көмүр бааларына мониторинг жүргүзүү боюнча сунуш менен кайрылган. 
Анын жыйынтыгы менен  Сүлүктү шаарынын шахталарынан өндүрүлгөн көмүр бааларын туруктуу кармоо  алдын ала пландалган. 


Көмүрдүн баасынын жогорулашынын себебин шахта жетекчилери кен казуу иштеринин оордугу, кооптуулугу, жумушчу күчтүн жоктугу, инфляциянын өсүүсү менен түшүндүрүштү. 


Эске салсак, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүү боюнча атайын буйругу чыккан, район-шаарларга элди арзан баада көмүр менен камсыздоо үчүн  көмүр базаларын уюштуруу тапшырмасы коюлган. 


Жалпы Баткен областынын көмүргө болгон  ички керектөөсү жылына 120 миң тоннаны түзөт. 
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы