02 октябрь 2025
Кароолор: 9
Баткенде “Шамал өрөөнү” сүрөт көргөзмөсү өтүүдө

“Апаз Жайнаков” атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында уюштурулган, сүрөтчү Даниль Усмановдун эмгектеринен Баткен элинин жашоосу, үрп-адаты, табият менен айкалышкан жашоо образы сүрөттөлгөн.
Автор өз эмгектеринде Баткен тургундарынын күнүмдүк тиричилигинен алынган кадимки учурларды – турмуштун жөнөкөй, терең маанилүү көрүнүштөрүн көркөм чагылдырган.
Иш-чарага искусствону сүйгөн көрүүчүлөр, маданият кызматкерлери жана жаштар катышып, сүрөттөрдү чоң кызыгуу менен көрүшүүдө.
Көргөзмөнүн ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев менен Франциянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николя Фай мырза да катышып, Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы маданий кызматташтыктын алкагында, Франциянын демилгеси менен Баткенде уюштурулуп жаткан сүрөт көргөзмөсү, мындан аркы тыгыз кызматташтыкка өбөлгө болоорун белгилешти.
“Шамал өрөөнү” көргөзмөсү 13-октябрга чейин уланат. Каалоочулар театрдын көргөзмө залына келип,күбө болуп кетсе болот.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы