17 октябрь 2025
Кароолор: 16
Баткенде шайлоого карата даярдык өз нугунда
Баткенде шайлоого карата даярдык өз нугунда
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаевдин жетекчилигинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна даярдыктарды көрүү жана шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча отурум болуп өттү.
Отурумга Баткен облустук прокуратурасынын башчысынын шайлоо боюнча жооптуу орун басары Жаныбек Жолдошев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, облустук, райондук мекеме ишканалардын жетекчилери да катышты.
Алгач БШКнын Баткендеги өкүлү Алишер Колдошов, КРнын ЖК депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү жана шайлоо округдары боюнча маалымат берди.
Жыйындын жүрүшүндө жетекчилик облус активине бир катар тапшырмаларды койду. Алар;
-Шайлоочулардын тизмелерин түзүү, тактоо, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча көмөк көрсөтүү
-10-20-30-октябрына белгиленген тесттик аралыктан добуш берүүнү уюштуруу жана активдүү катышуу
-Шайлоо комиссияларына жайларды бөлүү, аларды автотранспорт, материалдык-техникалык каражаттар жана байланыш менен камсыз кылууга байланышкан маселелерди чечүү
-Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын добуш берүү үчүн шайлоо участокторунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүү
- Шайлоонун жүрүшүндө коомдук тартипти сактоо
-Шайлоочулардын добуш сатып алууга жана административдик ресурстардын колдонулган болсо тиешелүү чаларды көрүү
-Үгүт материалдарын орнотуу үчүн атайын орундарды мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте бөлүп берүү жана аларды жайгаштыруу үчүн бирдей шарттарды камсыздоо
-Шайлоо участкаларынын үзгүлтүксүз электр энергиясы жана интернет байланышын камсыздоо.
Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы