01 апрель 2024

Кароолор: 4

Баткенде шайлоого карата даярдык өз нугунда

Бүгүн 1-апрелде №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо окуругу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата даярдыктарды талкуулаган жыйын өттү.

Жыйынга КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана жалпы облус активи катышты.

Нуржан Шайлдабекова өз сөзүндө, 2024-жылдын 28-апрелине белгиленген, мөөнөтүнөн мурда боло турган шайлоого даярдыктар менен жеринде таанышып, практикалык көмөк көрсөтүү үчүн келгенин белгилеп, таза шайлоо өткөрүү, шайлоочулардын активдүү катышуусун камсыздоо багытында, көңүл буруучу бир катар маселелерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге талкуулады.

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев район-шаар башчыларына, күч түзүмдөрүнө, шайлоо комиссияларына, өнөктүктү ачык айкын, мыйзам чегинде, уюшкандыкта өткөрүү боюнча бир катар тапшырмаларды койду.

Белгилей кетсек, шайлоо боюнча облустук штаб түзүлүп, ишин аткарууда.

№2 Баткен бир мандаттуу шайлоо окуругу боюнча жалпы 81 шайлоо участкасы бар. Шайлоочулардын жалпы саны 6-мартка карата 112432 түздү.

Учурда шайлоо участкаларынын ар бирине шайлоочулардын алдын ала тизмеси илинип, тизмелерин тактоо иштери жүрүүдө.

Жыйында маалым болгондой, учурда аймактан 10 талапкер шайлоого катышуу ниетин билдирген.Төртөө талапкер катары катталган, алтоосунун документтери кароодо.

8-апрелден тартып аймакта үгүт иштери башталат.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы