23 сентябрь 2025

Кароолор: 10

Баткенде шайлоо мыйзамына кирген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты биргеликте, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Бүгүн Баткен шаарында өткөн жыйынга КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын өкүлү Мейкинбек Абдалиев, район шаар башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр, добуш берүү тартиби кеңири түшүндүрүлдү.

Максат - жергиликтүү тургундарга шайлоо өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу толук маалымат жеткирүү.

Ушул тапта БШК өкүлү Мейкинбек Абдалиевдин катышуусундагы жыйындар облустун бардык район шаарларында уланууда.

Белгилей кетсек, калк арасында көп мандаттуу шайлоо округунда добуш берүүдө шайлоочу шайлоо бюллетенине үч талапкерге чейин добуш бере алат деген түшүнүк калыптанганы жашыруун эмес. Бирок конституциялык мыйзамдын 31-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык, ЖК депутаттарынын көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоодо, шайлоо бюллетенине өзү тандаган бир гана талапкерге тийиштүү чарчыга белги коет же болбосо “Баарына каршы” позициясына белги коет деп так белгиленген.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы