26 март 2025
Кароолор: 17
Баткенде сел жана суу ташкындарынын алдын алуу боюнча кеңешме өттү

Баткенде сел жана суу ташкындарынын алдын алуу боюнча кеңешме өттү
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча жыйын өтүп, аткарылып жаткан иштер бобнча тийиштүү адистердин маалыматын укту.
Маалыматка ылайык, учурда облус аймагында сел жүрүүчү сайлардын ичин тазалоо, селдин нугун түздөө, жээктерин бекемдөө жумуштары аткарылууда.
Облус аймагында сел, жер көчкү, таш кулоо кооптуулугу бар участкаларда 305 үй-бүлө жашап келүүдө. Учурда табигат кырсыктарынын алдын алуу максатында ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгы жана райондук, шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү тарабынан жарандарга эскертүүлөр берилүүдө.
Облус башчысы өз сөзүндө;
-ӨКМдин ацмактык бөлүмдөрү менен жергиликтүү бийлик органдары табигат кырсыктарын алдын алууда биргеликте,тыгыз иш алып баруу;
-“Кооптуу” деп табылган участкалардан жарандарды, убактылуу жана биротоло көчүрүү иш чараларын жүргүзүү;
-Атайын комиссия түзүү менен дарыялардын жана сел агуучу сайлардын жээктерине өз билемдик менен курулуш курган, бак дарак тиккен жарандар менен иш алып баруу.
-Сугат арыктары менен каналдарды тазалоо иш чараларын активдүү жүргүзүү боюнча тапшырмаларды койду.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы