05 ноябрь 2025

Кароолор: 8

Баткенде саламаттык сактоо тармагынын 9 айлык жыйынтыгы талкууланды

Баткенде саламаттык сактоо тармагынын 9 айлык жыйынтыгы талкууланды

Баткенде Саламаттык сактоо тармагынын облустук координациялык кеңешинин 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча отуруму болуп өттү.

Жыйында саламаттык сактоо тармагынын 9 ай аралыгындагы аткарылган иштердин жыйынтыгы, жугуштуу оорулардын алдын алуу, камсыздандыруу маселелери жана 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында берилген координациялык кеңештин протоколдук тапшырмаларынын аткарылышы талкууланды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, координациялык кеңештин мүчөлөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө аймактарда дарыгерлердин жетишсиздиги, энелер менен ымыркайлар өлүмүнүн көрсөткүчтөрү, жана жугуштуу оорулардын, анын ичинде кургак учуктун көбөйүшү сыяктуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Жаныбек Исаков жыйындын жыйынтыгы боюнча медицина тармагын тейлеген жетекчилерге бир катар тапшырмалар берилди. Атап айтканда, дарыгерлердин жетишсиздигин жоюу, жаш адистерди аймактарга тартуу, саламаттык сактоо мекемелерин зарыл шарттар менен камсыз кылуу жана жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында калкты таза суу менен камсыздоону жакшыртуу тапшырмасы коюлду.

Жыйындын соңунда калктын саламаттыгын чыңдоо, оорулардын алдын алуу жана медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча биргелешкен ишти күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы