01 сентябрь 2023
Кароолор: 42
Баткенде Орусиянын колдоосу менен заманбап мектеп курулат

Бүгүн 1-сентябрда Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 1200 орундуу типтүү мектептин курулушун символдоштурган азем өттү.
Иш чарага Президент Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин онлайн форматында катышты.
Өлкө башчылары бул аракет эки өлкөнүн ынтымагын жана кызматташтыгын дагы да бекемделээрине жана келечек муундун татыктуу билим алуусуна зор өбөлгө болоорун белгилешти.
Аземге Баткенден КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Россия Федерациясынын Президентинин чет өлкөлөр боюнча региондор аралык маданий байланыштар башкармалыгынын башчысы Игорь Маслов, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гульнара-Клара Самат жана жергиликтүү жетекчилер,тургундар катышты.
Аталган билим берүү мекемеси заман талабына жооп берген окуу кааналары, заманбап лаборатория, материалдык-техникалык база, спорттук зал,ашкана,бассейндери менен курулат.
Курулуш иштери долбоордук-сметалык документтер даярдалгандан кийин келерки жылы башталып, 2025-жылдын 1-сентябрына бүткөрүү пландалган.
Мектепте ата -мекендик мугалимдер менен атайын Орусиядан келген мугалимдер билим берет. Окуучулар Кыргызстандын жана Орусиянын күбөлүктөрүнө ээ болушат.
Белгилей кетсек, Баткен шаарында акыркы жылдары орус тилдүү мектепке болгон элдин суроо талабы жогорулап, мектеп жетишпестиги жаралган.Орус тилде билим берген жаңы мектептин курулушу бул муктаждыкты жеңилдетүү аракети болуп саналат.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы