17 май 2024

Кароолор: 51

Баткенде милиция кызматкерлери үчүн турак үйдүн курулушу башталды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен, Баткен облусунун Раззаков шаарында Лейлек РИИБдин өздүк курамы үчүн 32 батирлүү кызматтык турак үйдүн курулушу башталды.

Турак үйдүн курулушуна мезгил кутусун салуу иш чарасы өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, Баткен ОИИБдин башчысы Улан Жукеновдор баштаган жергиликтүү жана ички иштер органдарынын жетекчилери, кызматкерлер катышты.

Курулуш Ички иштер министрлигинин курулуш монтаждоо башкармалыгы тарабынан башталып, Кыргыз милициясынын 100жылдык мааракесине карата бүткөрүү пландалды.

Белгилей кетсек, буга чейин Раззаков шаарында милиция кызматкерлери үчүн кызматтык үй болгон эмес.