02 апрель 2025

Кароолор: 31

Баткенде миграциядан кайткан 23 жаран ишкердик үчүн грант алууда

Эл аралык миграция уюумунун “Борбор Азиядан Улуу Британияга сезондук жумушчулар үчүн коопсуз миграция” долбоорунун алкагында, Баткен облусунда пилоттук 1+1 программасы, бизнес баштоо жана кеңейтүү үчүн 23 адамга гранттык колдоо көрсөтүүдө.

Аталган долбоордун алкагында, чет мамлекеттерде миграцияда жүрүп, мекенине кайткан жарандарды, туруктуу жумуш орду менен камсыздап, мекенинде киреше табуу менен аймактын социалдык экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу аракеттери колдоого алынган.

Долбоордон грант алган жарандар, учурда бал өндүрүү, кондитердик азыктарды даярдоо, кофейня ачуу, тигүү цехин ачуу, мончо ачуу, курулуш шаймандарын ижарага берүү, күнөскана иштетүү, үй эмеректерин жасоо, унаа жуучу жай ачуу, дүкөн ачуу сыяктуу чакан ишкердикти баштоодо.

Бул багытта аткарылып жаткан иштерди байкоо, демилгелерди өнүктүрүү максатында Бишкек шаарында атайын жыйын өтүп, ага Баткенден Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Батма Имаралиева менен долбоордун жеңүүчүлөрү катышып келди.

Жыйында долбоор жетекчилери менен долбоордун жеңүүчүлөрү, алгач ирет Баткенде ишке ашырылган долбоордун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Белгилей кетсек, Баткен облусу Кыргызстанда миграция күч аймак болуп саналат. Учурда облустун 37миңдей тургуну ички жан сырткы миграцияда жүрөт.

Мындан улам Эл аралык миграция уюмунун колдоосу менен Баткенде Молдова мамлекетинин мигранттарды мекенине кайтаруу боюнча тажрыйбасы ишке ашырылууда. Бул багытта КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын үч кызматкери Молдова мамлекетинде тажрыйба алмашып келди. Алдыда бул багытта Эл аралык миграция уюму тарабынан мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, дагы башка долбоорлорду колдоо боюнча иш аракеттер жүрүп жатат.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы