01 октябрь 2025
Кароолор: 20
Баткенде Мекеним “1+1” пилоттук программасынын алкагында 11 адам грант алды
Эл аралык миграция уюумунун “Борбор Азиядан Улуу Британияга сезондук жумушчулар үчүн коопсуз миграция” долбоорунун алкагында, Баткен облусунда пилоттук 1+1 программасы, бизнес баштоо жана кеңейтүү багытында долбоорлорду колдоп келет.
Бул багытта аткарылып жаткан иштерди байкоо, демилгелерди өнүктүрүү максатында Баткен шаарында атайын жыйын өтүп, соңунда мыкты долбоорлор тандалды.
Баткен облусунда жашап, Улуу Британиядагы Сезондук жумушчулар программасы аркылуу иштеп келген мигранттарга, же алардын жакын үй-бүлө мүчөлөрүнө, жеке бизнесин баштоого же кеңейтүүгө грант берилди.
Буга чейин долбоордун алкагында миграциядан кайткан 27 жаран грант алган болсо, бул сапар 11 адам алды.
Аталган долбоордун алкагында, чет мамлекеттерде миграцияда жүрүп, мекенине кайткан жарандарды, туруктуу жумуш орду менен камсыздап, мекенинде киреше табуу менен аймактын социалдык экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу аракеттери колдоого алынган.
Белгилей кетсек, учурда облустун 37 миңдей тургуну ички жана сырткы миграцияда жүрөт.
Мындан улам Эл аралык миграция уюмунун колдоосу менен Баткенде Молдова мамлекетинин мигранттарды мекенине кайтаруу боюнча тажрыйбасы ишке ашырылууда.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы