23 февраль 2024
Кароолор: 47
Баткенде мекен коргоочулар күнү чоң салтанат менен белгиленди

23-февраль Мекен коргоочулардын күнүнө арналган майрамдык иш чара Баткен шаарынын борбордук стадионунда белгиленди.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, жалпы Баткен элин жана мекен коргоочуларды майрам менен куттуктады.
Облус башчысы өз сөзүндө, болуп өткөн окуяларга карабай,Баткендин чек ара аймактарында кызмат өтөп жаткан мекен коргооочулар элибиздин чыныгы баатырлары, башка аймактардан айырмаланып,бул майрам аймакта жалпы элдик майрам, анткени чек арага чеп болгон эл,баатыр эл.Баткенде мырзалар эле эмес, айымдар да мекенди коргоодо өзгөчө касиетке, күчтүү эркке ээ деп белгиледи.
Бул күнү бир катар мекен коргоочулар КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаровдун жана облус башчысы Абдикарим Алимбаевдин сыйлыгына ээ болушту.
Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө алгач аскер кызматкерлеринин салтанаттуу жүрүшү, машыгуу ыкмалары көрсөтүлдү.
Андан соң Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ассоль Молдокматова аймактын мекен коргоочуларын майрам менен куттуктап, кыргыз эстрада жылдыздарынын жана жергиликтүү таланттардын катышуусунда чоң программадагы концерт коюлду.
Борбордон белгилүү ырчылар Нурайым Акылбекова, Алтынай Асанбаева, Бек Исраилов, Айжаркын, Куванычбек Атамбаев, Нурлан Жунушев, Эльгиз Бейшенбаевдер келип элге майрамдык маанай тартуулады.
Майрамдык концерт КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун колдоосу менен уюштурулду.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы