11 октябрь 2025
Кароолор: 24
Баткенде Манас оюндарынын республикалык этабы өтүүдө
Баткенде Манас оюндарынын республикалык этабы өтүүдө
Бүгүн 11-октябрда, Баткен шаарында Манас оюндарынын республикалык этабы расмий башталды.
Иш чарага КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Алтынбек Сейитказыев, КР Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Улан Кыдырбаев, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Улукбек Өмүрбеков сөз сүйлөп иш чараны ачышты. Келген спортчуларга жергиликтүү маданият кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланды.
А.Сейитказыев “бул оюндар жөн гана мелдеш эмес — бул элибиздин мурасы.“Манас оюндары” аркылуу жаш муундар улуттук баалуулуктарыбызды тереңдеп түшүнүп, ɵз өлкөсүн сүйүүгө тарбияланууда” деп белгиледи.
Мелдештин максаты-Кыргыз элинин улуттук спорттук мурастарын жандандыруу жана дүйнөлүк аренага чыгаруу. Жаштарды улуттук спортко шыктандыруу.
Спорттук иш чара спорттун кыргыз күрөшү, салбуурун, ордо, тогуз коргоол, айкүр улуттук түрлөрү боюнча өтүүдө.
Мелдеш 13-октябрга чейин уланат.
Мелдешке КРнын Министрлер Кабинетине караштуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигини жетекчилик кылып,оюндун адилеттүү өтүшү үчү эл аралык жана улуттук деңгээлдеги калыстар тартылды.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө медаль, диплом,кубок жана акчалай сыйлыктар тапшырылат. Баш байге 1млн сом.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы