03 март 2026

Кароолор: 12

Баткенде мамлекеттик туу жана ак калпак күнү белгиленди

Баткенде мамлекеттик туу жана ак калпак күнү белгиленди

Бүгүн эрте менен Баткен шаарында, 3-март мамлекеттик туу күнү жана 5-март ак калпак күнүнө арналган иш чара өттү.

Ак калпак кийип, колдоруна туу көтөргөн жаштар шаардын борбордук көчөлөрүндө жөө жүрүш жасашты.

Салтанаттын расмий бөлүгүндө КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жалпы облус калкын куттуктады. Облус башчысы өз сөзүндө “Мамлекеттик туубуз элибиздин тарыхын, маданиятын жана келечекке болгон ишенимин айгинелеп турат. Ал эми ак калпак ата-бабаларыбыздан калган улуу мурас катары, акылмандыктын, тазалыктын жана намыстын белгиси болуп саналат. Бул майрамдар ар бирибизди мекенчилдикке, биримдикке жана улуттук баалуулуктарды сактоого чакырат. Биз ыйык туубуздун алдында биригип, ак калпагыбызды бийик тутуп, өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн талыкпай эмгектене берели”деп белгиледи.

Майрамдык иш чара жергиликтүү таланттардын ыр бийлери менен коштолду.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы