04 март 2024

Кароолор: 60

Баткенде мамлекеттик туу жана ак калпак күнү белгиленди

Бүгүн Баткен шаарында 3-март мамлекеттик туунун кабыл алынган күнү менен 5-март ак калпак жана улуттук кийим күнүнө арналган салтанат өттү.

Иш чарада КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, жалпы мекендештерди кош майрам менен куттуктады.

М.Тулаев өз сөзүндө “жалпы кыргыз эли, өзгөчө Баткен эли мамлекеттик тууну жогору баалайбыз. Өлкө бүтүндүгүнө коркунуч жаралганда, чек арага чеп болуп туруп берчү баатыр элибиз үчүн, мамлекеттүүлүктү айгинелеген туубуз-өзгөчө ыйык. Ал эми ак калпагыбыз, элибиздин эзелки тарыхы, жашоо турмушунан кабар берген, бабалардан калган ыйык таберик. Мырзалардын башындагы ак калпак, алардын мекенчилдигинен кабар берет.Удаалаш келген майрам жалпыбызга кут болсун, желегибиз бийиктикте түбөлүк желбиресин” деди.

Майрамдын урматына жергиликтүү таланттар тарабынан концерттик программа тартууланды.

Салтанат, улуттук кийим кийип, колуна туу көтөргөн жаштардын жөө жүрүшү менен уланды.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы