22 апрель 2025
Кароолор: 7
Баткенде мамлекеттик кызматкерлерге жол эрежесинин жаңы тартиби боюнча маалымат берилди

Кыргыз Републикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин сурамжылоо аркылуу билүүсү боюнча көрсөтмөсүнүн негизинде, мамлекеттик кызматкерлердин арасында алдын ала түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.
Аталган иш-чарада Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери,мамлекеттик кызматкерлерге жол кыймылынын эрежелери боюнча кеңири маалымат беришти.
Жыйынга КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев катышып, акыркы учурдагы жол кырсыктары,анын кесепеттери боюнча сөз сүйлөп, кызматкерлерди жол кырсыктарын болтурбоого салым кошууга чакырды.
Адистердин айтымында жаңы тартип күчүнө кирген күндөн тартып, жол эрежелерин одоно бузган айдоочулар,ГАИ кызматкерлери тарабынан токтотулуп, суралат.
Учурда айдоочуларды сурамжылоо тартиби,комиссия тарабынан иштелүүдө.
Жаңы тартиптин максаты-айдоочулардын жол эрежерели бобнча жоопкерчилигин жана маалымдуулугун жогорулатуу, жол кырсыктарын алдын алуу менен адам өмүрүн коргоо.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы