05 август 2025

Кароолор: 21

Баткенде мамлекеттик кызматкерлер кан тапшыруу акциясын баштап берди

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактияр Токсонбаев баштаган өкүлдүн аппаратынын кызматкерлери, Баткен облустук кан борборунда кан тапшырып, өлкөдө старт алган ыктыярдуу донорлук иш-чарасын баштап беришти.

Бул акциянын негизги максаты — коомчулукта ыктыярдуу донорлукту жайылтуу, ооруканада дарыланып жаткан жарандарга жардам берүү жана мекенге кызмат кылуунун дагы бир үлгүсүн көрсөтүү болуп саналат.

Баткен облустук кан борборунун жетекчилиги мамлекеттик кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, мындай демилгелер кандын корун туруктуу кармоого жана өмүр сактоого чоң көмөк көрсөтөөрүн белгилешти.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы