01 октябрь 2024

Кароолор: 27

Баткенде кырсыктардын тобокелдигин азайтууга багытталган машыгуу өттү

Машыгуу “5-октябрь – Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата жарыяланган бир айлыктын алкагында уюштурулду.

Иш чарага КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана облустук Жарандык коргонуу кызматтары, жогорку, орто окуу жайларынын студенттери жана окуучулар катышты.

Маруфхан Тулаев өз сөзүндө мындай иш-чаралар, ар түрдүү кырсыктардын тобокелин алдын алууга жана азайтууга, куткаруучулардын күжүрмөн даярдыгын жогорулатууга шарт түзөөрүн белгиледи.

Катышуучулар тарабынан өзгөчө кырдаалдар катталган учурда куткаруу, биринчи жардам көрсөтүү аракеттери көрсөтүлдү.

Бул иш-чаранын негизги максаты өзгөчө кырдаалдарда калктын жүрүм-туруму, коопсуздугу жана маданияты, табигый жана техногендик кырсыктардын коркунучун азайтуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу болуп саналат.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы