08 апрель 2026
Кароолор: 10
Баткенде кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо иштери кызуу жүрүүдө
Баткенде кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо иштери кызуу жүрүүдө
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Лейлек районундагы чек араны тосуу иштеринин жүрүшүнөн кабар алды.
Чек арага зым тартуу иштери учурда Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Мечик жергилигинде, Кулунду айыл аймагына караштуу Ак-Арык, Майты, Курук-Сай жерлигинде, Баткен районунун Самаркандек айыл аймагына караштуу Кызыл-Өтөк, Сары-Таш жерлигинде жүрүүдө.
Облус башчысы жергиликтүү жетекчилерге демаркация жумуштарына көмөк көрсөтүү, калктуу конуштарга зым тартуу иштеринин жүрүшүндө жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чек ара сызыгын бак дарактардан,турак жайлардан тазалоо иштерине өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Белгилей кетсек, чек араны тосуу иштери быйылкы жылдын эсебинен, 2026–жылдын 1-мартынан башталып, бүгүнкү күнгө карата Лейлек районунда 26,08км аралыкка зым тосмолор тартылды.
Баткен районунда 18,5 км тартылды.
Жалпы Баткен облусу боюнча тосуу ишткри 44.58 км аралыкка жетти.
Белгилей кетсек, 2025-жылы чек араны инженердик тосуу иштери дээрлик 150 чакырым аралыкта аткарылган. Ал эми 2026-жылы облуста 200 чакырым чек ара тилкесин тосуу пландалууда. Анын ичинен Баткен району боюнча 65 чакырым, Лейлек району боюнча 135 чакырым тосулат.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы