29 апрель 2026

Кароолор: 5

Баткенде Кыргыз Республикасынын статистика органдарынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Баткенде Кыргыз Республикасынын статистика органдарынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле облустук, райондук жана шаардык статистика органдарынын кызматкерлери катышты.

Салтанаттуу жыйында сөз сүйлөгөн Абдирашит Ташбалтаев статистика тармагынын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү орду өзгөчө маанилүү экенин белгилеп, “өлкөнүн өнүгүү стратегиясы дал ушул расмий статистикалык маалыматтардын негизинде иштелип чыгат. Мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон сапаттуу статистикалык маалыматтарды камсыз кылуу аркылуу сиздер өтө жооптуу жана маанилүү милдетти аркалап келесиздер. Алдыда санариптик технологияларды кеңири колдонуу менен тармактын ишмердигин жаңы деңгээлге чыгаруу милдети турат. Бул ишти дагы татыктуу аткарарыңыздарга ишенем”, – деди ал.

Ошондой эле ал статистика тармагында эмгектенип жаткан кызматкерлерди кесиптик майрамы жана тармактын мааракеси менен куттуктап, алардын мамлекеттин өнүгүшүнө кошкон салымын жогору баалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө көп жылдык үзүрлүү эмгеги, кесипкөйлүгү жана статистика тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар кызматкерлер Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациялардын жана шаардык мэриялардын Ардак грамоталары, ыраазычылык каттары жана сыйлыктары менен сыйланышты.

Мааракелүү иш-чара статистика тармагынын бир кылымдык тарыхына арналган баяндамалар, куттуткоолор менен уланды.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы