15 ноябрь 2023

Кароолор: 42

Баткенде кыргыз-өзбек биргелешкен айыл чарба жарманкеси өттү

Бүгүн 15-ноябрда Баткен шаарында “Алтын күз” Эл аралык айыл чарба жарманкеси өттү.

Аталган иш чараны Баткен району менен Баткен шаары, Өзбек Республикасынын Рыштан жана Сох райондору биргеликте, дыйкан фермерлерди, ишкерлерди колдоо жана алардын кызматташуусуна шарт түзүү максатында уюштурушкан.

Жарманкеге аталган райондордун айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр органикалык таза, натуралдуу азык түлүктөрүн алып келишкен.

Иш чаранын расмий бөлүгүндө сөз сүйлөгөн КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров, “түшүм жыйылып, кырман толгон күз айларында өтүп жаткан бүгүнкү иш чара биринчи кезекте элибиз үчүн жагымдуу саамалык болду. Бир тууган кыргыз-өзбек элдеринин ынтымагы кылымдарга жашасын, тынчтыкта, токчулук- молчулукта карым катнашыбыз чыңдала берсин. Аймактын агрардык тармагын өнүктүрүүгө багытталган бул иш чаралар Баткен жана Фергана облусунун айыл чарба жаатында кызматташуусу үчүн эң пайдалуу аянтча болот, ишкерлер да өндүрүштүк жааттагы кызматташууга көңүл бурат” деген ишеничин билдирди.

Жарманкеге катышкан Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурханов, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Өзбек Республикасынын Риштон районунун акими Бахадир Холиков, Сох районунун акиминин орун басары Муслимбек Мавлонбековдор, өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын көрүп чыгып, ар биринин ишмердүүлүгү боюнча баарлашышты.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкулүнүн бсма сөз кызматы