13 июнь 2024

Кароолор: 39

Баткенде кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо иштери башталды

Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы “Элита” үрөн чарбасы күзүндө себилген кылкандуу дан эгиндерин оруп баштады. Чарба талаасында гектарына 44 центнерден түшүм алынууда.

Өткөн жылы Баткен облусунун аймагында кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында жаңы сорттогу үрөндөр себилип, жакшы натыйжасын берүүдө.

2024-жылдын жазында облус боюнча жалпы 20 778 гектар жерге кылкандуу дан себилип, өткөн жылга салыштырмалуу дан эгиндеринин аянты 200 гектарга көбөйгөн.

Күздүк себүү багытында 2024-жылдын түшүмү үчүн 2023-жылы күзүндө 5900 гектар күздүк себилген.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы