30 август 2024
Кароолор: 37
Баткенде курулуп жаткан ГЭСтердин алгачкысы ишке берилди

Кадамжай районунун Майдан айыл аймагында “Исфайрам 1” чакан гидро электро станциясы, Президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда ачылып, пайдаланууга берилди.
“Ак-Буура” Групп Жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан Исфайрам дарыясына курулган чакан ГЭСтин кубаттуулугу 4 МВт.
Курулуштун жалпы баасы 2,81 млн АКШ долларын түзөт.
ГЭСке суу жеткирген каналдын узундугу 3,7 км, туурасы 25 метр.
Обьекттин жалпы ээлеген аянты 9,25 га.
ГЭстин ишке берилиши менен 30га чейин жумуш орун түзүлөт.
Ачылуу аземине жеринен КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров, Кадамжай районунун акими Болот Баяке уулу, инвесторлор жана жергиликтүү тургундар катышты.
Тимур Мадяров иш чаранын катышуучуларын жана Кадамжай элин КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин атынан бул саамалык менен куттуктап, өз сөзүндө “аймакта ГЭСтердин курулушу бир эле электр энергиясы эмес, сугат суу маселесин чечүүдө да зор мааниге ээ экендигин белгилеп, учурда облуста беш чакан ГЭСтин курулушу жүрүп жатат, биз алдыда суудан эле эмес, шамалдан, күн нурунан да электр энергиясын өндүрүүгө жетишүүбүз керек, ал үчүн сунуш пикирлерге ачыкпыз” деп белгиледи.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы