24 сентябрь 2025
Кароолор: 11
Баткенде күрүчтүн түшүмү жыйналууда

Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-турпак айыл аймагында күрүчтүн түшүмүн жыйноо өнөктүгү кызуу жүрүүдө.
Аймакта дыйкандар күз мезгилинин бир күнүн текке кетирбей, түшүм жыйноо менен алек. Алар быйыл түшүм мол экенин айтып, гектарына 37 центнерге чейин жеткенин айтышууда.
Акыркы учурда дыйкандар кооперативдерге биригип, мол түшүм алууну жолго коюуда. Райондо ар түрдүү багытта жалпы 76 кооператив бар.
Кадамжай районунда 3220 гектар күрүч талаасы бар. Жылына андан 12миң 200 тоннадай күрүч жыйналат.
Күрүч өлкөнүн ички базарларында, Өзбекстан, Казакстан, Россия жана Америкага чейин экспорттолууда.
Түшүмдүүлүктү жогорулатуу боюнча дыйкандарга окутуулар уюштурулуп, сууну аз талап кылган жаңы үрөндөр сунушталып, эгин эгүүнүн жаңы методдору практикадан өтүүдө.
Учурда дүйнөлүк рыноктун талаптарына ылайык, күрүчтү таңгактоо менен экспорттоо колго алынууда. Учурда облуста эки ишкана заман талабына жараша иш алып барууда. Алдыда дагы бир ишкана ачылуу алдында турат.
Ал эми аймакта күрүчтү кургатуучу алгачкы ишкананын ачылышы, жергиликтүүлөрдүн күрүчтү унаа жолго жайып кургатуу машакатын жеңилдетти. Күрүчтү кургатуучу ишкана жакшы натыйжасын көрсөттү.
Белгилей кетсек, күрүч, Баткен облусунун Кадамжай районунан сырткары Лейлек районунда 338 гектарга, Баткен районунда 325 гектарга себилген. Быйыл облуста жалпы 15миң тоннага чейин күрүч жыйноо күтүлүүдө.
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы