07 август 2025

Кароолор: 21

Баткенде күрүчтү кайра иштетип,таңгактоочу ишкана ачылды

Баткен облусунун Кадамжай районунун Миң-Чынар айылындагы "Ак-Турпак Групп"ЖЧКнун күрүчтү кайра иштетип,таңгактоочу ишкананын ачылуу аземине КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары,айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев,Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыяр Токсонбаев, айыл тургундары катышты.

Жаш ишкер Алина Исакова жетектеген өндүрүш ишканасы буга чейин улуттук ыкмада,кол эмгеги менен күрүчтү актоо жана таңгактоо жумуштарын жасап келген.

Учурда ишканага КРнын Министрлер Кабинети менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы келишимдин негизинде АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан “Баткен облусун региондук экономикалык өнүгүүсү"долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыя катары 15млн 600миң сомдук заманбап жабдуулар жана техникалар алынган. Мындан сырткары 2млн 500миң сом,жеке ишкер өздүк салым кошкон.

Аталган жабдуу саатына 1тонна 200кг күрүчтү актайт.

Калдыксыз өндүрүш жасоо максатында ишкана күрүчтүн кебегинен косметикалык каражаттарды жана топонунан курулуш материалдарын жасоону колго алган.

Баткенде өндүрүлгөн күрүчтүн Ак турпак, Лазер, Девзире түрлөрүнө суроо талап жогору.

Ишкана учурда таңгакталган күрүчүн ички рынокто Бишкектеги соода дүкөндөрүнө жана Россия, Өзбекстан, Америка өлкөлөрүнө экспорттоп жеткирди.

Учурда ишканада 15ке жакын жумуш оруну түзүлдү.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы