05 март 2024
Кароолор: 38
Баткенде кургак учукка каршы акция өттү

Бүгүн Баткен шаарында кургак учукка каршы күрөшүүнүн бир айлыгынын алкагында жана 24-март бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата акция өттү.
Иш чарада Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков сөз сүйлөп, ооруну дарылагандан көрө алдын алган оң болоорун, бүгүнкү иш чара илдет тууралуу элге маалымат жеткирүүдө мааниси зор экенин айтты. Ошондой эле учурда кургак учукту айыктыруу үчүн жетиштүү мамлекетик колдоолор ишке ашып жатканын, бул илдет менен күрөшүүдө өкмөттүк эмес уюмдардын да салымы чоң экенин белгиледи.
Акциянын жүрүшүндө тийиштүү мекемелер тарабынан, Баткен шаарынын борбордук аянтында, шаар тургундары үчүн кургак учук оорусу боюнча маалымат берүү бурчу, медициналык жардам көрсөтүү бурчтары уюштурулду.
Ошондой эле акция катышуучуларынын арасында кургак учук оорусуна байланыштуу суроо жооптордон турган оюн зооктор уюштурулуп, активдүү катышуучуларга белектер тапшырылды.
Соңунда катышуучулар узакка чуркоо боюнча күч сынашып, жеңүүчүлөр медаль жана сыйлыктарга татыды.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкулүнүн басма сөз кызматы