31 август 2023
Кароолор: 90
Баткенде КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин Баткен регионалдык башкармалыгынын жаңы кеңсеси ачылып,пайдаланууга берилди

Аталган мекеменин имаратынын ачылуу аземине КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов,КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев,КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Турганбаев жана жергиликтүү жетекчилер,кызматкерлер катышты.
Ишкана мындан 23 жыл мурда, тагыраагы 2000-жылы түзүлгөн.
Бул жылдар аралыгында имаратынын эскилиги жетип, авариялык абалга келгендиктен, жаңы имарат куруу зарылчылыгы жаралган.
Жаңы,заман талабына ылайык имаратты куруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 40млн сом жумшалган.
Облус башчысы Абдикарим Алимбаев өз сөзүндө "жаркыраган бул имаратта мен ойлойм иштөө үчүн бардык шарттар бар.Акыркы мезгилдерде климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу, жаратылышты коргоо дүйнөлүк деңгээлдеги маанилүү маселе экенин эске алып,облустун экологдору, жаратылышты жана башкармалыктын карамагындагы жаратылыш парктары, корук жана жаратылыш эстеликтерин көздүн карегиндей сактоо жана өнүктүрүү үстүндө жандуу аракеттерди көрөт деп ишенем.Баткендин дагы бир жаңы имараты кут болсун"деп белгиледи.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы